КИПке катталуу критерийлери

КИПке катталуу критерийлери

"Креативдүү Индустриялар Паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндө" Жобого ылайык төмөнкү критерийлерге дал келбөө каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат:

Кыргыз Республикасынын салык резиденти
Юридикалык жак же жеке ишкер
Ишмердүүлүк түрлөрүнүн белгиленген КИП ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесине ылайык келиши
Кирешенин кеминде 90% көрсөтүлгөн Тизмедеги ишмердүүлүктөн алынган
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна салыктар жана төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу
КИП Дирекциясына кирешенин 1% чейрек сайын төлөөгө макулдук
КИП резиденти катары каттоодон өткөндөн 6 ай өткөндөн кийин отчет берүүгө макулдук
Акыркы 12 ай ичиндеги кирешенин көлөмү 8 000 000 (сегиз миллион) сомдон ашса өз эсебинен аудит жүргүзүү жана жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү жөнүндө аудитордук корутундуну КИП Дирекциясына берүү милдеттенмеси
КИП резиденти катары каттоодон баш тартылган күндөн 3 айдан аз мөөнөттө КИПке каттоо үчүн кайрылуу