| Ишмердүүлүк түрлөрү | ЭИМК | камтылган ишмердүүлүк түрү |
|---|---|---|
| Басмага даярдоо жана нускасын көбөйтүү кызматтарын көрсөтүү | 18.13 | Компьютер аркылуу санариптик маалыматтарды даярдоо, анын ичинде маалыматтарды жасалгалоо; Маалымат базаларын түзүү, анын ичинде электрондук форматта жана интернетте жайгаштыруу; Көркөм иштерди аткаруу, анын ичинде литографиялык таштарды жана даяр жыгач формаларды даярдоо; Басмага даярдоо боюнча башка кызматтар (корректураларды даярдоо, сыноо үзүндүлөрүн жана басылманын макеттерин терүү, мукабанын тышкы жасалгасын иштеп чыгуу ж.б.). |
| Китептерди басып чыгаруу | 58.11 | Китептерди, окуу куралдарын, брошюраларды, буклеттерди жана башка ушул сыяктуу басылмаларды, анын ичинде сөздүктөрдү жана энциклопедияларды чыгаруу (полиграфиялык кызматтардан тышкары); Карталарды жана атластарды чыгаруу (полиграфиялык кызматтардан тышкары); Ноталарды чыгаруу (полиграфиялык кызматтардан тышкары). |
| Гезиттерди басып чыгаруу | 58.13 | Гезиттерди, анын ичинде жарнамалык гезиттерди чыгаруу (полиграфиялык кызматтардан тышкары). |
| Журналдарды жана мезгилдүү басылмаларды чыгаруу | 58.14 | Журналдарды жана мезгилдүү басылмаларды чыгаруу (полиграфиялык кызматтардан тышкары). |
| Sound recording publishing | 59.2 | рампластинкаларда жана башка маалымат алып жүрүүчү каражаттарда, анын ичинде онлайн ресурстарда музыкалык жана башка үн жазууларын чыгаруу; Музыкалык партитураларды чыгаруу. |
| Басма ишмердүүлүгүнүн башка түрлөрү | 74.20 | Фотосүрөттөрдү, эстамптарды жана почта открыткаларын чыгаруу; Календарларды чыгаруу; Бланктарды (формулярларды) чыгаруу; Плакаттарды жана көркөм репродукцияларды чыгаруу; Башка басма материалдарын, анын ичинде механикалык же фотомеханикалык ыкма менен көбөйтүлгөн почта открыткаларын чыгаруу. |
| Бижутерия жана ушуга окшош буюмдарды өндүрүү. | 32.13 | Зергерчилик буюмдарын өндүрүү (баалуу металлдардан тышкары): негизги металлдардан жасалып, баалуу металлдар менен капталган шакектер, билериктер, чынжырлар ж.б.; жасалма же имитацияланган асыл таштар колдонулган зер буюмдар; баалуу металлдардан тышкары саат үчүн билериктерди өндүрүү. |
| Башка топторго кирбеген өндүрүш | 32.9 | кол эмгегине негизделген чакан кол өнөрчүлүк өндүрүшү, кол куралдарын колдонуу менен жасалган буюмдар, ошондой эле декоративдик-колдонмо искусство; концерттерди, фестивалдарды, спектаклдерди, сахналык көрсөтүүлөрдү, кинофильмдерди жана сериалдарды уюштуруу үчүн декорацияларды, оюн костюмдарын, реквизиттерди жана бутафордук буюмдарды даярдоо; автордук дизайнердик кийимдерди, бут кийимдерди жана булгаары буюмдарын өндүрүү |
| Музыкалык аспаптарды өндүрүү | 32.20 | Музыкалык аспаптардын бардык түрлөрүн, ошондой эле алардын бөлүктөрүн жана кошумча жабдууларын өндүрүү. |
| Оюндар жана оюнчуктарды өндүрүү | 32.40 | Оюнчуктардын бардык түрлөрүн, стол үстүндөгү жана электрондук оюндарды, ошондой эле алардын бөлүктөрүн жана аксессуарларын өндүрүү. |
| Компьютердик оюндарды чыгаруу | 58.21 | Ар кандай платформада (операциялык системада) компьютердик жана мобилдик оюндарды чыгаруу. |
| Башка программалык камсыздоону чыгаруу. | 58.29 | программалык камсыздоону (жеке колдонуучулар үчүн ылайыкташтырылбаган) чыгаруу, анын ичинде белгилүү бир рынок үчүн программалык камсыздоону өз эсебинен которуу же адаптациялоо: операциялык системалар; коммерциялык тиркемелер ж.б. |
| Кинофильмдерди, видео жана телеберүүлөрдү өндүрүү | 59.11 | Кинофильмдерди, видео жана телеберүүлөрдү (телесериалдар, документалдык фильмдер ж.б.) же телерекламаларды өндүрүү; анимация жана мультфильмдерди өндүрүү; YouTube, Instagram, Facebook, TikTok жана башка интернет-платформалар үчүн материалдарды өндүрүү; кино, сериалдар, музыкалык клиптер жана жарнамалык роликтер үчүн визуалдык эффекттерди иштеп чыгуу, кыска жана маалыматтык видеоматериалдарды (кэпшн-видео) даярдоо; продюсерлик, сценарий жазуу, режиссура, трюк сахналарын коюу, оператордук тартуу, коштоочу обондорду жана ырларды (саундтректерди) түзүү ж.б. |
| Кинофильмдерди, видео жана телеберүүлөрдү монтаждоо | 59.12 | инофильмдерди, видео жана телеберүүлөрдү даярдоону аяктоо (жыйынтыктоочу иштетүү), анын ичинде: монтаждоо, фильмди/лента материалын которуу, дубляж, субтитр коюу, графика өндүрүү, сүрөттөрдү анимациялоо жана атайын компьютердик эффекттерди колдонуу, ошондой эле кинофильмдерди иштетүү жана мультфильмдерди түзүү боюнча атайын лабораториялардын иши. |
| Кинофильмдерди, видео жана телеберүүлөрдү таратуу. | 59.13 | Кинофильмдерди онлайн-платформаларда таратуу; YouTube, Instagram, Facebook, TikTok жана башка интернет-платформаларда материалдарды таратуу, монетизациялоо жана жайылтуу; кинофестивалдарды уюштуруу жана өткөрүү |
| Музыканы жаздыруу жана чыгаруу. | 59.20 | Музыканы чыгаруу, башкача айтканда музыкалык чыгармаларды жаздырууну уюштуруу, автордук укуктарды алуу, аларды жарнамалоо, радио, телекөрсөтүү, кино жана спектаклдерде колдонуу ишмердүүлүгү; бул класс ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт: музыкалык китептерди жана партитураларды чыгаруу; интернетте аудио жазууларды социалдык тармактарга, атайын платформаларга, YouTube ж.б. жайгаштыруу аркылуу таратуу; аудио же видео форматта стримингди уюштуруу; үндөрдү, биттерди, ремикстерди жана башка аудио материалдарды чыгаруу жана жайылтуу. |
| Программалык камсыздоону иштеп чыгуу. | 62.01 | программалык камсыздоону, маалымат базаларын жана Интернеттеги веб-баракчаларды түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон түзүмдү жана мазмунду долбоорлоо жана (же) компьютердик кодду жазуу, анын ичинде кодду тестирлөө жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу (мамлекеттик уюмдарды кошпогондо); жасалма интеллектти иштеп чыгуу жана блокчейн транзакциялар реестринин иштешин камсыз кылуу; ар бир криптографиялык токени уникалдуу болуп, башка ушул сыяктуу токенге алмаштырылбай турган жана анын ордуна колдонулбай турган өзгөртүлбөс токендерди (NFT) иштеп чыгуу жана жайылтуу. |
| Компьютердик техниканын жаатында консультация берүү. | 62.02 | Компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону жана байланыш технологияларын бириктирген эсептөө системаларын пландоо жана долбоорлоо маселелери боюнча консультация берүү, анын ичинде колдонуучуларды окутууга байланышкан кызматтарды көрсөтүү. |
| Эсептөө системаларын башкаруу | 62.03 | Кардарлардын (колдонуучулардын) веб-сайттарын башкарууну жана эсептөө системаларын же маалыматтарды иштетүү каражаттарын эксплуатациялоону камсыз кылуу, ошондой эле ага байланыштуу көмөкчү техникалык ишмердүүлүктү жүргүзүү. |
| Маалыматтарды иштетүү, колдонмо программаларды жайгаштыруу жана ага байланышкан ишмердүүлүк, ошондой эле веб-порталдарды колдонуу. | 63.1 | деятельность, обеспечивающая необходимые технические условия для размещения и обработки данных, а также иные аналогичные виды деятельности; предоставление поисковых систем и других интернет-порталов; разработка и сопровождение интернет-ресурса с объявлениями различных предложений, сгруппированных по тематическим категориям (услуги классифайдов), размещение и продвижение рекламных объявлений на указанных интернет-ресурсах. |
| Архитектура жаатындагы ишмердүүлүк. | 71.11 | имараттарды архитектуралык долбоорлоо, анын ичинде эскиздерди, жумушчу чиймелерди түзүү, консультация берүү (мамлекеттик үлүшү бар уюмдар жана курулуш компаниялары кошулбайт), ошондой эле инженердик долбоорлоо жана автордук көзөмөл; шаарларды пландоо (шаар куруу долбоорлоо), анын ичинде ландшафттык архитектура (мамлекеттик үлүшү бар уюмдар жана курулуш компаниялары кирбейт). |
| Жарнама агенттиктеринин ишмердүүлүгү. | 73.11 | кардарлардын социалдык тармактардагы аккаунттары үчүн контент түзүү, жайгаштыруу жана илгерилетүү (SMM); веб-сайттарды жана тиркемелерди издөө платформаларында жана программалык камсыздоону таратуу аянтчаларында оптималдаштыруу жана илгерилетүү. |
| Атайын адистештирилген дизайн ишмердүүлүгү | 74.10 | токумалар буюмдарын, кийим-кечекти, бут кийимди, зергерчилик буюмдарын, эмеректерди, башка интерьер буюмдарын, мода товарларын, ошондой эле жеке жана үй пайдалануусундагы башка товарларды моделдөө; өнөр жай дизайны, башкача айтканда товарлардын иш-аракетин, баасын жана сырткы көрүнүшүн оптималдаштырган долбоорлорду жана спецификацияларды түзүү жана иштеп чыгуу, анын ичинде адам факторун, коопсуздукту, коммерциялык тартымдуулукту жана колдонуудагы жеңилдикти (эксплуатация процессинде) негизге алып, материалдарды, структураны, механизмдерди, формаларды, түстү жана продукттун бетин иштеп чыгууну тандоо; графика чөйрөсүндөгү дизайнерлердин иш-аракети; имараттардын ички дизайны (интерьерлерди жасалгалоо); иллюстрацияларды, мейкиндиктердин 2D- жана 3D-визуализацияларын түзүү боюнча иш-аракет; виртуалдык жана кошумчаланган чындыктын дизайны, ошондой эле виртуалдык дүйнөдөгү объекттердин дизайны боюнча иш-аракет |
| Сүрөт тартуу жаатындагы ишмердүүлүк | 74.20 | коммерциялык максаттар үчүн жана жеке кардарлар үчүн көркөм жана үйлөнүү үлпөт сүрөттөрүн тартуу, анын ичинде журналдар, жарнама жана туризмди илгерилетүү максатындагы сүрөттөрдү даярдоо |
| Маданият жаатындагы билим берүү ишмердүүлүгү | 85.52 | Кесипкөй педагогдор тарабынан сүрөтчүлүк, музыка жана театр жаатында теориялык окутуу жана практикалык көндүмдөргө үйрөтүү ишмердүүлүгү. Бул кызматтарды көрсөткөн уюмдар кесиптик билим берүү боюнча диплом бербейт. Бул класс төмөнкүлөрдү камтыйт: музыка мектептеринде (ийримдерде, студияларда, класстарда) музыка мугалимдеринин ишмердүүлүгү жана башка музыкалык окутуу; көркөм өнөр мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) ишмердүүлүгү; бий мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) ишмердүүлүгү; театр мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) ишмердүүлүгү (билим берүү мекемелеринен тышкары); фотография мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) ишмердүүлүгү; кинематографияга байланышкан кесиптер боюнча мектептердин ишмердүүлүгү; кол өнөрчүлүккө жана декоративдик искусствого үйрөтүү курстарынын ишмердүүлүгү. |
| Башка топторго кирбеген билим берүү жаатындагы ишмердүүлүк | 85.59 | SMM, санариптик искусство, видео тартуу, сүрөт тартуу жаатындагы курстардын ишмердүүлүгү, ошондой эле YouTube, TikTok, Instagram, Facebook жана башка интернет-платформаларда иштөөгө үйрөтүүчү курстар (кесиптик билим берүү боюнча диплом бербейт); дизайн жана маркетинг тармагындагы курстардын ишмердүүлүгү (кесиптик билим берүү боюнча диплом бербейт); мода, сүрөт тартуу, кинематография, музыка, аткаруучулук, көркөм жана башка искусствотармактарындагы курстардын ишмердүүлүгү (кесиптик билим берүү боюнча диплом бербейт); интернетте билим берүүчү видеоконтентти (жазылуу аркылуу массалык онлайн курстарды) түзүү жана таратуу; программалоо, IT-продукттарды иштеп чыгуу, робототехника, жасалма интеллект, мобилдик тиркемелерди жана оюндарды иштеп чыгуу боюнча курстар |
| Аткаруучулук искусство жаатындагы ишмердүүлүк | 90.01 | театр жана цирк көрсөтүүлөрүн, концерттерди, опера спектаклдерин, бий жана башка сахналык чыгармаларды көрсөтүү, анын ичинде: – ансамблдердин, театр жана цирк труппаларынын, оркестрлердин жана музыканттар топторунун ишмердүүлүгү; – көз карандысыз чыгармачыл кесип ээлеринин ишмердүүлүгү, мисалы актёрлор, бийчилер, музыканттар, лекторлор, конферансье, окуучулар жана башкалар |
| Аткаруучулук искусство жаатындагы көмөкчү ишмердүүлүк | 90.02 | артисттердин чыгыштарын камсыз кылган бардык ишмердүүлүк: спектаклдерди, театр жана цирк көрсөтүүлөрүн, концерттерди, опера жана балетти уюштуруу жана сахналаштыруу; режиссёрлордун, сахна режиссёрлорунун, декораторлордун, жарык берүүчүлөрдүн, сахна кызматкерлеринин жана башка адистердин ишмердүүлүгү; театр труппаларынын продюсерлери жана антрепренёрлорунун ишмердүүлүгү, алар зарыл болгон жабдуулар жана аппараттар менен жабдылган |
| Башка искусство түрлөрү жаатындагы ишмердүүлүк | 90.03 | деятельность независимых представителей творческих профессий, таких как скульпторы, художники, карикатуристы, граверы, офортисты и т.п.; деятельность независимых писателей во всех жанрах; реставрация произведений искусств, в том числе картин; деятельность по созданию арт-объектов и инсталляций, малых архитектурных форм, оформлению витрин и витражей, нанесению изображений на стены; деятельность арт-кураторов, арт-резиденций и арт-менеджеров; художественная деятельность в направлении цифрового искусства |
| Театр жана концерт залдарынын ишмердүүлүгү | 90.04 | маданий-массалык жана көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүү үчүн концерттик жана театр залдарын жана башка искусство объекттерин башкаруу жана эксплуатациялоо ишмердүүлүгү |
| Китепканалардын жана архивдердин ишмердүүлүгү. | 91.01 | клубдук типтеги мекемелердин ишмердүүлүгү: клубдар (туруктуу жана көчмө), маданият сарайлары жана үйлөрү, эл чыгармачылыгы үйлөрү, архитекторлордун, сүрөтчүлөрдүн, композиторлордун, жазуучулардын, журналисттердин, дарыгерлердин, кино жана башка кесип ээлеринин үйлөрү; экспо-борборлордун ишмердүүлүгү |
| Музейлердин ишмердүүлүгү | 91.02 | музейлердин бардык түрлөрүнүн ишмердүүлүгү: көркөм өнөр музейлери, зер буюмдар музейлери, эмерек, костюм, керамика, күмүш буюмдар музейлери; табигый илимдер, илим жана техника музейлери, тарыхый музейлер, анын ичинде аскер музейлери жана тарыхый үй-музейлер; башка адистештирилген музейлер; ачык асман алдындагы музейлер; жеке галереялардын, искусство аукциондорунун, мода шоу-румдарынын ишмердүүлүгү |
| Башка спорттук ишмердүүлүк | 93.19 | киберспорттук иш-чараларды колдоо жана уюштурууга даярдоо ишмердүүлүгү; жеке киберспортчулардын жана киберспорттук командалардын ишмердүүлүгү; киберспорттук лигалардын жана уюмдардын ишмердүүлүгү; компанияларды башкарууда оюндук ыкмаларды киргизүү, ошондой эле тимбилдинг иш-чараларын уюштуруу ишмердүүлүгү |
| Эс алуу жана көңүл ачуу иш-чараларын уюштуруунун башка түрлөрү | 93.29 | концепцияларды жана сценарийлерди түзүү боюнча чыгармачыл командалардын ишмердүүлүгү |
| Башка басма ишмердүүлүгү | 58.19 | башка чыгармачылык материалдарды (сүрөттөрдү, гравюраларды, открыткаларды) басып чыгаруу |
| Коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу маселелери боюнча консультация берүү | 70.22 | акселераторлордун ишмердүүлүгү (стартаптарды тез өнүктүрүүгө жана масштабдоого багытталган колдоо программаларын жана инвестицияларды сунуштаган уюмдар) жана бизнес-инкубаторлордун ишмердүүлүгү (баштапкы ишкерлерге иш мейкиндигин, консультациялык, билим берүү жана уюштуруучулук колдоону 12 айга чейин камсыз кылган уюмдар) |
| Башка топторго киргизилбеген кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк | 74.90 | авторлордун, аткаруучулардын жана креативдик индустриянын башка субъекттеринин кызыкчылыктарын коргогон импресарио агенттеринин (агенттиктеринин) ишмердүүлүгү (концерт уюштуруучуларын кошпогондо) |