Типтүү келишим

Типтүү келишим

Типтүү келишимдин бул формасы Креативдүү Индустриялар Паркынын Байкоо кеңешинин чечими менен өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн

Креативдүү Индустриялар Паркынын резиденти
катары иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө
(мындан ары - «КИП»)

Бишкек ш.

«__» ____ 2024 жыл

«Креативдүү Индустриялар Паркынын Дирекциясы» Коомдук фонду, мындан ары «КИП Дирекциясы» деп аталуучу, уставдын негизинде иш алып барган Директору Мамытова К.Б.нын жактында, бир тараптан, жана

ЖЧК «___»/ АК «_______»/ ЖИ _______, мындан ары «Резидент» деп аталуучу, _________ негизинде иш алып барган _______________ жактында, экинчи тараптан

мындан ары биргелешип «Тараптар», ал эми өз-өзүнчө - «Тарап» деп же жогоруда көрсөтүлгөндөй аталуучу, ушул КИП резиденти катары иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө Келишимди (мындан ары - «Келишим») төмөнкү шарттарда түзүштү.

1. Келишимдин предмети

Ушул Келишим КИПтеги Резиденттин ишмердүүлүгүнүн шарттарын, анын укуктарын жана милдеттерин, КИП Дирекциясынын укуктарын жана милдеттерин, ушул Келишимдин Тараптарынын өз ара аракеттенүү тартибин жана Резидентке Кыргыз Республикасынын (мындан ары - «КР») мыйзамдары менен белгиленген КИП ишмердүүлүгүнүн атайын укуктук режимин берүүнү аныктайт.

2. КИП Дирекциясынын укуктары жана милдеттери

2.1. КИП Дирекциясы төмөнкүлөргө укуктуу:

2.1.1. КИП Дирекциясынын суроо-талабы боюнча Резиденттен анын ишмердүүлүгү жөнүндө статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттордун көчүрмөлөрүн талап кылууга;

2.1.2. өзүнүн интернет-ресурсунда Резидент жөнүндө маалыматты жарыялоого, анын ичинде Резиденттин аталышы, логотиби, ошондой эле ал колдонгон соода белгиси (тейлөө белгиси), коммерциялык белгилөө ж.б. (мындан ары - «жекелештирүү каражаттары») жөнүндө маалыматты акысыз жарыялоого;

2.1.3. өз каалоосу боюнча КИП ишмердүүлүгү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө Резиденттин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө;

2.1.4. КИПти өнүктүрүү жана Резиденттин долбоорлорун илгерилетүү максатында расмий жолугушууларда, көргөзмөлөрдө, тренингдерде, семинарларда жана башка иш-чараларда Резидент жөнүндө маалыматты таратууга;

2.1.5. эгерде Резиденттин акыркы 12 айдагы кирешесинин көлөмү 8 000 000 (сегиз миллион) сомдон ашса, Резиденттен кирешеси 8 000 000 (сегиз миллион) сомдон ашкан айдан кийинки айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү жөнүндө аудитордук корутундуну талап кылууга;

2.1.6. Резиденттен КИП Дирекциясынын пайдасына өз убагында жана толук көлөмдө КИП ишмердүүлүк түрлөрүн жүзөгө ашыруунун натыйжасында мурунку чейрек үчүн алынган кирешенин, башка кирешелердин жана түшүүлөрдүн 1 (бир) пайызы өлчөмүндө чейрек сайын төлөмдөрдү жүргүзүүнү талап кылууга;

2.1.7. Резиденттен ушул Келишим жана КР мыйзамдары менен каралган милдеттенмелерди аткарууну талап кылууга;

2.1.8. Резидент үчүн анын потенциалын жогорулатуу боюнча коммуникативдик, маалыматтык, консультативдик иш-чараларды өткөрүүгө.

2.1.9. Резидент катары катары менен 12 (он эки) календардык айдын ичинде ишмердүүлүк жүргүзүлбөгөн учурда ушул Келишимди бузуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелөө.

2.2. КИП Дирекциясы милдеттүү:

2.2.1. мүмкүн болушунча КИП Дирекциясынын бюджетинин чегинде Резиденттин ишмердүүлүгүн маалыматтык жактан коштоону жүзөгө ашырууга;

2.2.2. КИПтеги резиденттик менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү процессинде анын кызыкчылыктарын коргоо максатында Резидентке укуктук жана методологиялык колдоо көрсөтүүгө;

2.2.3. КИПтин салык жеңилдиктерин колдонуу маселелери боюнча Резидентке маалыматтык колдоо көрсөтүүгө;

2.2.4. Резидентти КИПте каттоодон өткөн учурдан тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин КИП резидентинин ишмердүүлүгүнүн КР «Жаратмандык индустриялар паркы жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесинин талаптарына шайкештиги жөнүндө корутунду даярдоого;

2.2.5. КИП ишмердүүлүгүн жөнгө салган КР мыйзамдарынын талаптарын Резиденттин сактоосун көзөмөлдөөгө;

2.2.6. каалаган убакта ушул Келишим менен байланышкан Резиденттин милдеттерин аткаруусун текшерүүгө.

2.3. КИП Дирекциясы КР мыйзамдары менен каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.

3. Резиденттин укуктары жана милдеттери

3.1. Резидент төмөнкүлөргө укуктуу:

3.1.1. өз алдынча өндүрүштүк программаны түзүүгө жана КИП ишмердүүлүк түрлөрүнө ылайык келген продукцияны (жумуштарды, кызматтарды, интеллектуалдык менчик объекттерине мүлктүк укуктарды) сатууга;

3.1.2. ушул Келишим жана КР мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык келген шартта жүзөгө ашырылган ишмердүүлүккө салык жеңилдиктерин колдонууга;

3.1.3. КР мыйзамдары менен белгиленген тартипте КИП Дирекциясынын жекелештирүү каражаттарын Резиденттин фирмалык бланктарында, фирмалык тактайларында, визиттик карточкаларында, жарнамалык материалдарында жайгаштырууга;

3.1.4. КИП Дирекциясынын макулдугу менен көргөзмөлөрдө, семинарларда жана расмий жолугушууларда жана башка окшош иш-чараларда КИП жөнүндө маалыматты таратууга.

3.2. Резидент милдеттүү:

3.2.1. КИП ишмердүүлүк түрлөрүнө жана КР «Жаратмандык индустриялар паркы жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга;

3.2.2. Резидент катары катталган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде салык органында эсептик салык каттоосунан өтүүгө;

3.2.3. КИП Дирекциясына чейрек сайын мурунку чейрек үчүн кирешенин өлчөмдөрү жөнүндө отчет берүүгө;

3.2.4. КИП резиденти катары катталган учурдан тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин КИП Дирекциясы тарабынан суралган бардык документтерди тиркөө менен өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүүгө. Отчет Резидентти каттаган учурдан тартып алтынчы айдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен берилиши керек;

3.2.5. КИП Дирекциясынын талабын алган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнүнүн ичинде өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттордун көчүрмөлөрүн берүүгө;

3.2.6. эгерде Резиденттин акыркы 12 (он эки) айдагы кирешесинин көлөмү 8 000 000 (сегиз миллион) сомдон ашса, Резидент милдеттүү аудит жүргүзүүгө жана КИП Дирекциясы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө КИП Дирекциясына жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү жөнүндө аудитордук корутунду берүүгө милдеттүү;

3.2.7. жыл сайын, ошондой эле КИП Дирекциясынын талабы боюнча каалаган убакта КИП Дирекциясы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө КИП Дирекциясы тарабынан суралган бардык документтерди тиркөө менен өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүүгө;

3.2.8. КИП ишмердүүлүк түрлөрүн жүзөгө ашыруунун натыйжасында мурунку чейрек үчүн алынган кирешенин, башка кирешелердин жана түшүүлөрдүн 1 (бир) пайызын чейрек сайын аяктаган чейректен кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен КИП Дирекциясынын эсебине которууга;

3.2.9. КР Салык кодексине ылайык өз убагында салык отчетторун берүүгө жана салыктарды төлөөгө, ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык башка милдеттенмелерди аткарууга;

3.2.10. КИП резиденти статусунан ажыратылган учурда, 6.5 жана 6.6-пункттарда каралгандай, Келишим бузулган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде тиешелүү документтерге кол коюуга жана КИП резидентинин күбөлүгүн КИП Дирекциясына кайтарууга.

3.3. Резидент КР мыйзамдары менен каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.

4. Тараптардын жоопкерчилиги

4.1. Тараптар башка Тараптын үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

4.2. Тараптар тарабынан ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же тийиштүү түрдө аткарылбаган учурда, күнөөлүү Тарап КР мыйзамдары менен каралган тартипте башка Тарапка муну менен байланыштуу келтирилген чыгымдарды төлөйт.

4.3. Ушул Келишимдин 3.2.9-пунктчасына ылайык КИП Дирекциясына төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн Резидент КИП Дирекциясына мөөнөтү өткөн төлөм суммасынын 0,5 (нөл бүтүн беш ондон бир) пайызы өлчөмүндө ар бир кечиктирилген күн үчүн айып түрүндөгү туум төлөйт.

4.4. Туум төлөө Резидентти ушул Келишим менен каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.

5. Форс-мажордук жагдайлар

5.1. Эч бир Тарап өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт, эгерде мындай аткарбоо форс-мажордук жагдайлардын натыйжасы болсо, башкача айтканда, берилген шарттарда өзгөчө жана алдын алуу мүмкүн болбогон жагдайлардын натыйжасы болсо.

Мындай жагдайларга, атап айтканда, КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан тастыкталган төмөнкү окуялар кирет: суу каптоо, өрт, жер титирөө же башка табигый кырсыктар, ошондой эле согуштар, согуштук аракеттер, террордук актылар, эпидемиялар, Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууга тоскоол болгон мамлекеттик органдардын ченемдик актылары жана аракеттери, жана Тараптардын акылга сыярлык көзөмөлүнөн тышкары турган башка ушул сыяктуу жагдайлар.

5.2. Эгерде аталган жагдайлардын бири Келишимде белгиленген мөөнөттө милдеттенмени аткарууга түздөн-түз таасир эткен болсо, анда бул мөөнөт тиешелүү жагдайдын аракеттенүү мезгилине ылайык узартылат.

5.3. Милдеттенмени аткаруу мүмкүн болбой калган Тарап жогоруда аталган жагдайлардын башталышы, болжолдуу аракеттенүү мөөнөтү жана токтотулушу жөнүндө токтоосуз, бирок алардын башталган жана токтогон учурунан тартып 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, башка Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Билдирүүдө баяндалган фактылар КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан тастыкталышы керек. Кабарлабоо же өз убагында кабарлабоо Тарапты милдеттенмени аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуучу негиз катары жогоруда аталган жагдайлардын бирине шилтеме жасоо укугунан ажыратат.

5.4. Эгерде милдеттенмени толук же жарым-жартылай аткаруу мүмкүн эместиги 3 (үч) айдан ашык уланса, Тараптар Келишимди толугу менен же жарым-жартылай бузууга укуктуу болушат.

6. Колдонулуучу укук. Келишимди бузуу

6.1. Ушул Келишим КР мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет.

6.2. Ушул Келишим төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн:

6.2.1. Резиденттин демилгеси боюнча Келишимди бузуунун болжолдуу датасынан 15 (он беш) календардык күн мурун КИПке жөнөтүлгөн арыздын негизинде;

6.2.2. КИП Дирекциясынын демилгеси боюнча бир тараптуу тартипте Келишимдин 6.3-пунктунда каралган негиздер боюнча Байкоо кеңеши тарабынан Резиденттин КИП резиденти статусунан ажыратылган учурда.

6.3. Резидент төмөнкү учурларда КИП резиденти статусунан ажыратылат:

6.3.1. КИП Резидентинин ишмердүүлүгүнүн КР «Жаратмандык индустриялар паркы жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына дал келбегендиги;

6.3.2. ушул Келишимдин 3.2.8-пунктчасында каралган төлөмдөрдөн Резиденттин системалуу түрдө (жылына эки жолудан көп) качуусу;

6.3.3. ушул Келишимдин 3.2.4-пунктчасына ылайык Резиденттин отчет бербегендиги;

6.3.4. Келишимдин 3.2.6-пунктчасында каралган аудитордук корутундуну Резидент бербеген учурда;

6.3.5. КР мыйзамдары менен каралган башка учурларда жана тартипте.

6.4. Келишим бузулган деп эсептелет:

6.4.1. Резиденттин демилгеси боюнча – Келишимдин 6.2.1-пунктчасында каралган мөөнөт өткөндөн кийинки күнү, Резидент Келишимдин 3.2.7-пунктчасында каралган төлөмдөрдү жана Келишим бузулган күнгө пайда болгон туумдарды (бар болсо) төлөгөн жана КИП резидентинин күбөлүгүн КИП Дирекциясына кайтарган шартта; ошол эле күнү КИП Дирекциясы КИП резиденттеринин Реестрине КИП резиденти статусун жокко чыгаруу жөнүндө жазуу киргизет;

6.4.2. КИП Дирекциясынын демилгеси боюнча – Резидентке Келишимди бузуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күнү. Резидент Келишим бузулган деп эсептелген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде Дирекциянын пайдасына Келишимдин 3.2.7-пунктчасында каралган төлөмдөрдү жана Келишим бузулган күнгө пайда болгон туумдарды (бар болсо) төлөөгө жана КИП резидентинин күбөлүгүн КИП Дирекциясына кайтарууга милдеттүү.

6.5. Тараптын ушул Келишимди бузуу жөнүндө арызы/билдирүүсү төмөндө 8-бөлүмдө каралган тартипте Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу коюлган жана Тараптын мөөрү менен бекитилген жазуу жүзүндө жөнөтүлүшү керек.

6.6. Ушул Келишимди бузуу Тараптарды ушул Келишим боюнча аны бузуудан мурун пайда болгон өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.

7. Купуялык

7.1. Ушул Келишимди аткарууда Тараптарга белгилүү болгон маалымат, эгерде ал берүүчү Тарап тарабынан купуя деп түздөн-түз белгиленсе, купуя деп эсептелет жана КР колдонуудагы мыйзамдары менен каралган учурларды кошпогондо, ушул Келишимдин экинчи Тарабынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка билдирилбеши же ушул Келишимдин предметинен тышкары максаттарда колдонулбашы керек.

7.2. Тараптар КР мыйзамдарына ылайык маалыматтын купуялыгын сактоо боюнча чараларды көрүүгө жана башка Тараптын купуя маалыматын коргоонун алгылыктуу каражаттарын колдонууга, анын ичинде маалыматты ачык кылуу персоналдын кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан учурларда маалыматты берүүнү чектөөнү камтыган милдеттенме алышат.

7.3. Ушул Келишим менен каралган купуялык жөнүндө шарттар ушул Келишим боюнча купуя мүнөздөгү маалыматты берүү менен байланышкан Тараптардын мамилелерине аны түзүүгө чейин таркатылат жана ушул Келишимдин аракети токтогон учурдан тартып 5 жыл бою колдонулат.

8. Башка шарттар

8.1. Билдирүүлөр, суроо-талаптар, маалыматтык кабарлар, ошондой эле ушул Келишимди аткаруу менен байланышкан каалаган жазуу жүзүндөгү документтер (мындан ары - «Документтер») Тараптар тарабынан электрондук почта аркылуу, КИП сайтындагы резиденттин кабинети аркылуу жана Тараптардын макулдашуусу боюнча башка ыкмалар менен жөнөтүлүшү мүмкүн.

8.2. Ушул Келишим Тараптар тарабынан кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Резиденттин КИП резиденти статусунда турган мезгилинде колдонулат.

8.3. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар доо же башка сотко чейинки талаш-тартышты чечүү тартиби аркылуу жөнгө салууга аракет кылууга милдеттүү.

8.4. Доо тартиби аркылуу макулдашууга жетишүү мүмкүн болбогон учурда, ушул Келишимден же аны менен байланыштуу пайда болгон же андан келип чыккан, анын ичинде аны аткаруу, бузуу, токтотуу, бузуу же жараксыздыгына тиешелүү каалаган талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер, талаптар же даттануулар КР Соода-өнөр жай палатасындагы Эл аралык арбитраждык соттун Регламентине ылайык ушул Регламентке ылайык шайланган үч арбитр тарабынан КР Соода-өнөр жай палатасындагы Эл аралык арбитраждык сотто чечилүүгө тийиш. Талаш-тартыш каралуучу колдонулуучу материалдык укук КР мыйзамдары болуп саналат. Арбитраждык өндүрүш орус тилинде жүргүзүлүшү керек. Эл аралык арбитраждык соттун чечими акыркы болуп саналат.

8.5. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде алар жазуу жүзүндө түзүлүп, эки Тарап тарабынан кол коюлган болсо, жарактуу деп эсептелет.

8.6. Ушул Келишимдеги эч нерсе Тараптардын ортосунда биргелешкен ишкана, жөнөкөй шериктештик же каалаган түрдөгү расмий ишкердик юридикалык жак түзүү же түзүү эффектин жаратуу же башкача таануу катары каралбашы же болжолдонбошу керек.

8.7. Тараптар бири-бирине өз даректерин, банктык реквизиттерин, байланыш жактарын, телефондорун, электрондук почта даректерин жана башка юридикалык маанилүү реквизиттерин өзгөртүү жөнүндө өз убагында жазуу жүзүндө (5 (беш) күндөн кечиктирбестен) кабарлоого милдеттенишет. Реквизиттер жана дарек өзгөргөндүгү жөнүндө тиешелүү билдирүү алынганга чейин эски реквизиттер жана даректер боюнча жөнөтүлгөн бардык документтер тийиштүү түрдө жөнөтүлгөн деп эсептелет.

8.8. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча КР мыйзамдарынын тиешелүү ченемдери колдонулат.

8.9. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, ар бир Тарап үчүн бирден түзүлдү.

9. Тараптардын реквизиттери